Бугу 06, 2024
Убакыт: 17:57
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Дайырбек Орунбеков: “Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна 100 орундуу реабилитациялык борбор курулушу аяктап калды”

19.11.2022 16:36
625
Дайырбек Орунбеков: “Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна 100 орундуу реабилитациялык борбор курулушу аяктап калды”

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйүнүн ордуна 100 орундуу реабилитациялык борбор курулууда. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.


"Урматтуу достор, калаабыздын Жибек-Жолу көчөсүндө жайгашкан, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн курулуп жаткан реабилитациялык борбордун курулушу аяктоо алдында турат. 


Бул мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үйү болчу. 2010-жылдагы бийлик алмашуу учурунда талкаланып калган. Имараттын калдыктары жана жер тилкеси мамлекетке өтүп, 12 жылдан бери кароосуз турган. Аны бир нече жолу ар кайсы коомдун өкүлдөрү алууга аракет кылышкан. 


Ушул жылдын жай айында өлкө башчысы Садыр Жапаровдун колдоосу менен Президенттин иш башкармачысы Каныбек Туманбаев кароосуз жайды бузуп, ордуна жаңы имараттын пайдубалын баштаган. 


3 кабаттуу жана жер төлөсү менен салынып жаткан реабилитациялык борбор заман талабына ылайык келет. 100 орундуу борбор балдардын ден соолугуна акысыз кызмат көрсөтөт",- деди Орунбеков.


Мындан тышкары, Дайырбек Орунбеков аталган иштин башталышында такталбаган, жалган маалыматтар тараганын билдирип, реабилитациялык борбор курулуп бүткөндөн кийин элге акысыз кызмат кыларын кошумчалады.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн