Чын курандын 22, 2025
Убакыт: 19:53
USD
87.00
87.50
EUR
99.90
100.90
RUB
1.065
1.095

Декабрь кары кайгы-муңду тазалайт...

01.01.2024 15:01
384
Декабрь кары кайгы-муңду тазалайт...


Декабрь – кыштын биринчи айы жана григориан календары боюнча жылдын он экинчи, акыркы айы. Барган сайын аба ырайы караңгы жана суук, бирок ошол эле учурда декабрда бир сыйкырдуу нерсе бар. Кептин баары декабрь айында жаңы жылды күтүү аземинде болсо керек. Жаңы жыл менен кошо жомоктор каалгабызды какканын күткөндөйбүз.

Декабрь – эч нерсеге карабай күтүү жана ишенимге толгон ай... 

***

Декабрь айы жакшы, себеби сөзсүз бирөө менен жолугасың... Таза болбосо жаңы жыл түнү... 

***

Декабрь быйылкы жылдын акыркы бөлүмү. Аны эсте каларлык кыл. Балатыны кооздоп, баардык таарынычтарды унутуп, сиз үчүн кымбат адамдарды бат-бат кучактап туруңуз. Жылдын эң сыйкырдуу айы унутулгус болсун!

***

Декабрь кары кайгыны жана муңайым маанайды тазалайт. Баардыгы таза,  жаңы. Алдыда кубаныч жана сүйүү гана турат.

***

Декабрь – жайлуулук. Лимон жана сүт кошулган чайдын жыты, абадагы кар бүртүкчөлөрү, жылуу жууркан, жылуу свитерлер. Аяк астындагы кардын кычыраганы. Көздү уялткан күн. Жаңы жылдык тасмалар. Көчөлөр гирляндалар менен жарыктандырылган. Шаардын борборунда жаңы жылдык балаты. Көңүлдүү маанай. Жаңы жылдык ырлар. Достор менен жолугушуулар. Күтүү. Үйдө мандариндин жыты. Белекти көргөндө бактылуу жүз. Үй-бүлө. Сүйүү. Үмүт… 


Булак: "Азия Ньюс" гезити


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн