Бишкек шаарынын абасын текшерип, керек болсо өзгөчө кырдаал режимин киргизүү зарыл. Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул тууралуу парламенттин 18-январдагы жыйынында айтты.
Ал өзгөчө кырдаалдар министрлиги тийиштүү аппараты менен борбор калаанын абасын текшеришин өтүндү.
Мындай сунушту депутат Адахан Мадумаров да колдоп, Бишкекте дем алуу мүмкүн болбой калганын айтты.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн