Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 06:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Денесин мүчөлөп салган. Атактуу моделдин өлүмүнө шектелип мурдагы күйөөсү кармалды

27.02.2023 16:22
1011
Денесин мүчөлөп салган. Атактуу моделдин өлүмүнө шектелип мурдагы күйөөсү кармалды

Гонконгдо 22-февраль, шаршемби күнү дайынсыз жоголгон 28 жаштагы атактуу модель Эбби Чойдун өлтүрүлүшү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Ишемби күнү, 25-февралга карата кылмышка шектелип аялдын мурдагы күйөөсү, анын ата-энеси жана агасы кармалганын CNA билдирди.

 

Полиция билдиргендей, ал жоголгон күнү Чойду анын айдоочусу болуп иштеген мурунку күйөөсүнүн улуу агасы кызына алып баруу үчүн алып кеткен. Бирок кыз апасы менен жолуккан эмес. Андан соң издөөгө алынган.

 

 Маркумдун мурунку күйөөсү жана анын үй-бүлөсү менен адегенде милицияга жалган маалымат беришкен. Бирок укук коргоо кызматкерлери кыздын жоголушуна мурдагы туугандарынын катыштыгы бар экенин көрсөткөн далилдерди таба алышкан.

 

Алгач милиция кызматкерлери мурдагы кайната, кайнене жана алардын улуу баласын кармашкан. Эртеси Гонконгдон кайык менен качып кетүүгө аракет кылган мурдагы күйөөсү Чой да кармалган.

 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери жакында үй-бүлө ижарага алган үйгө келип, анын ичинен адамдын сөөгү табылган.

Ижарага алынган батирдин муздаткычында буттарын, ашканасында эки казанда туздалган адам этин, электр араа жана эт туурагыч, узун пальтолорду, кол каптарды жана маскаларды табышкан.

 

Полициянын айтымында, кылмышка каржылык пикир келишпестиктер себеп болушу мүмкүн. 

 

Учурда милиция маркумдун башын издөөдө.


Булак: "Фабула"

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн