Аяк оона 18, 2025
Убакыт: 22:27
USD
87.30
87.80
EUR
102.90
103.90
RUB
1.045
1.075

Денис Петрашов дүйнө чемпионатынан кайтып келди

04.08.2025 10:04
632
Денис Петрашов дүйнө чемпионатынан кайтып келди


Бүгүн Сингапурда өткөн сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Айымкыз Айдаралиева өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. 


Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Мелис Тобокелов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алды. 


Эске салсак, Сингапурда өткөн чемпионатта кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 100 метр брасс стилинде сүзүүдө мыкты жыйынтык көрсөтүп, 3-орунду ээлеп, коло медалга ээ болгон. 


Айымкыз Айдаралиева 100 метр эркин сүзүү боюнча жарышка түшүп, анда жалпысынан 84 спортчу катышкан. 15 жаштагы кыргызстандык спортчу экинчи жарышта старт алып, 5-орунду ээлеп, 1 мүнөт 01,45 секунддук натыйжа көрсөтүп, 61-орунду ээлеген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн