Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу тууралуу пикирин билдирди.
"Кечээ мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан бошотулду. Мен анын тарапташтарын , жакындарын жана туугандарын куттуктайм.
Маселе убагында кабыл алынган чечимдерде жана адамдарда. Алардын да жоопкерчилиги каралышы керек",- деди депутат.
Ал ошондой эле Кара-Суу базары боюнча соттук отурум болорун билдирип, жарандардын укугун коргоого чакырды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн