Бугу 15, 2024
Убакыт: 19:50
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутат Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелүүдө

01.03.2021 17:46
3566
Депутат Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелүүдө

Жогорку Кеңештин "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты  Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы коррупциянын алдын алуу максатында жүргүзүлгөн иштин алкагында Алиярбек Абжалиевдин мыйзамсыз баюу фактысы аныкталды.

Маалыматка ылайык, ал депутаттык жана экс-президент менен болгон байланышын пайдаланып мамлекеттик органдардын ишине кийлигишип турган.


Ошол эле учурда, ал жеке кызыкчылыктарын пайдаланып, мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирген. Ошондой эле, Абжалиев мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, өзүнүн расмий кирешеси менен салыштырууга болбой турган мүлккө ээ болгону аныкталды. Тактап айтканда, 20дан ашык элиталык батирлер, Бишкек шаарынын VIP шаарларындагы турак үйлөр, Ысык-Көл облусундагы пансионат, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы жер тилкелери, ошондой эле Түркия жана БАЭдеги кыймылсыз мүлктөрү аныкталган. Мындан сырткары, Абжалиев “Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдү жана башка коммерциялык объектилерди куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине, тактап айтканда, Каинский кабель заводуна, ошондой эле көмүр жана алтын кендерине олуттуу каражат жумшаган.


Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү юридикалык баа берүү үчүн Абжалиевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо боюнча кошумча тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


Алиярбек Абжалиевдин 2018-жылдагы декларациясында 2017-жылы 674 миң 284 сом иштеп тапканы көрсөтүлгөн. Анын Тойота унаасы, 1 миллион 890 миң сомдук жылкылары, 1 миллион 80 миң сомдук ири жана майда бодо малы көрсөтүлгөн.. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Шакиева Замира пенсионерка
Менин пикирим Кыргызстанды болуп талкалап жегендерди жоопко тез аранын ичиндетартуу керек карапайым эл жакырчылыкка айланып кетти эл кыйналууда