Жогорку Кеңештин 24-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнөн чыгаруу маселеси боюнча депутаттык топ түзүлдү.
Курамына төмөнкүлөр кирет: Чынгыз Ажибаев, Алишер Козуев, Талант Мамытов, Эмил Жамгырчиев, Айсара Абдибаева, Динара Ашимова, Гуля Кожокулова, Ырысбек Атажанов.
Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу келишимдер жактырылган. Ага 19 депутат каршы добуш берген. Бул жыйында талкуу маалында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев айтыша кеткен. Кийин Бакиров Жогорку Кеңештеги иш бөлмөсүнөн чыгарылган. Ага башка бөлмө берилери айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн