Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:39
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Депутат Баткенде курман болгон жоокерлерге "баатыр" наамын ыйгарууну сунуштады

01.02.2023 12:09
233
Депутат Баткенде курман болгон жоокерлерге "баатыр" наамын ыйгарууну сунуштады

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев Баткенде былтыр сентябрь айында болгон Тажикстандын агрессиясы учурунда жергиликтүү тургундарга элден чогултулган акчанын дайыны боюнча маселе көтөрдү. Ал бүгүнкү күнгө чейин так маалымат бериле электигин сындады.


«Баткенде күздөгү коогалаңда элден канча акча чогулганы боюнча так маалымат жок. Штабдын башчысы парламентке келип, отчет берсин, канча акча чогулду, кимге берилди, канча үй салынды, гумжардам толук жеттиби, ушулар тууралуу маалымат берсин, коомго ачыктап коелу» , — деди депутат Токтошев.


Ал мындан тышкары, Баткен окуясында курман болгон жокерлерге «баатыр» наамын берүү, көчөлөргө алардын ысымдарын ыйгаруу сунушуна көңүл бурулбай жатканын айтты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн