Баш оона 08, 2025
Убакыт: 08:02
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.095
1.125

Депутат: Бензинге 15-18 сомдон кошуп сатып жатышат

25.01.2023 10:24
374
Депутат: Бензинге 15-18 сомдон кошуп сатып жатышат

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев күйүүчү майга болгон баа маселесин көтөрдү.


Депутаттын айтымында, бензиндин дүң баасы түшкөнүнө карабай дагы деле баалар кымбат.


"Бүгүнкү күндө АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин дүң баасы 45 сомго, АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 50 сомго түштү. Бирок май куюучу жайларда баа өзгөргөн жок. Дагы деле үстүнө 15-18 сомдон кошуп сатып жатышат. Бул боюнча Монополияга каршы мамлекеттик агенттиги көзөмөл кылсын ",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн