Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 21:17
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Депутат Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылды

21.11.2022 13:11
272
Депутат Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылды

Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат комитетинде депутат Шарапаткан Мажитова Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун өлкөнүн социалдык тармагындагы көйгөйлөрдү чечпей жатканын айтып сынга алды.


"Эдил Байсалов социалдык тармактагы маселелерди таптакыр эле унутуп, саясатка киришип кетет экен. Же сиз ордуңузду бул тармакта жакшы иш алып барган аялдарга бериңиз же болбосо иштеңиз. Баткенге психологдорду алып баруу, социалдык кызматкерлердин санын көбөтүү сиздин ишиңиз болчу. Акыркы окуядан кийин канча күндөн кийин бардыңыз?", — деди Мажитова.


Ошондой эле ал кийинки 2023-жылды социалдык тармактын жылы деп атоону сунуштады. Анткени өлкөдө жакырчылыктын саны өсүп, социалдык маселелерге көңүл бурулбай жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн