Бугу 04, 2024
Убакыт: 17:41
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Депутат: Эмне үчүн доллардын курсу түшсө да, азык-түлүк арзандабайт?

30.03.2022 10:56
359
Депутат: Эмне үчүн доллардын курсу түшсө да, азык-түлүк арзандабайт?

Кыргызстанда АКШ долларынын курсу төмөндөп, мурунку калыбына келтирилди, бирок курска байланыштуу кымбаттаган азык-түлүктүн баасы арзандаган жок.


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков парламенттин 30-марттагы жыйынында айтты.


"Өткөндө доллар көтөрүлдү деп чукул арада, көз ирмемде товарлардын баалары өстү. Өзгөчө биринчи керектеле турган азык-түлүктүн баасы. 105 сомго чыккан доллар кайра мурдагы калыбына келип, 85 сомго түштү. Бирок товарлардын көпчүлүгү арзандабай кала берди. Антимонополия агенттигине тапшырма берели, керек болсо кат жөнөтөйүн. Баалар бат көтөрүлөт, бирок качан болсо арзандашты унутуп калат, эмне үчүн?",- деди депутат Кадырбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн