Жогорку Кеңештин Транспорт, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов Энергетика министрлиги бир айдан ашык убакыттан бери эл өкүлдөрүнө майнинг-фермалар боюнча маалымат бербей жатканын айтты.
Улугбек Ормоновдун айтымында, Салык кызматы майнинг-фермалардын салыктары боюнча отчет берген, бирок ведомство ишканалардын юридикалык даректерин каттаган жана депутаттар майнинг-фермалардын иш жүзүндө жайгашкан жерин, 2023-жылы канча электр энергиясын керектегени тууралуу маалыматты билиши керек.
Парламентарийдин айтымында, министрлик депутаттардын кайрылууларына жооп бербей жатканын билдирип, комитеттин төрагасынын орун басарына дагы бир жолу кайрылуу жөнөтүүнү суранды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн