Бугу 22, 2024
Убакыт: 08:09
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Депутат Г.Асылбаева: Митингдин катышуучуларына чыгып, жооп берүүгө даярмын

25.06.2020 12:23
1578
Депутат Г.Асылбаева: Митингдин катышуучуларына чыгып, жооп берүүгө даярмын

Бүгүн, 25-июнда Жогорку Кеңештин  жыйынында "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда. 


Жыйында депутат Жанарбек Акаев мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Гүлшат Асылбаевага кайрылып: "Азыр жүздөгөн адам Жогорку Кеңештин алдында митингге чыгып, бул мыйзамга каршы болуп жатышат. Сиз өзүңүз алардын алдына чыгып, жооп берүүгө даярсызбы? деген суроо берди. 


Өз кезегинде депутат Гүлшат Асылбаева: "Мен кечээтен бери Фейсбуктун ар бир колдонуучусуна жооп берип жатам.  Эгер керек болсо, алардын алдына чыгууга даярмын", - деп жооп берди. 


Жанар Акаев депутат митингдин катышуучуларына сөзсүз чыгып, жооп бериши керектигин белгиледи. 


Учурда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбооруна каршы митинг өтүп жатат. Катышуучулар "депутат Гүлшат Асылбаева мандатын тапшырышы керек" деген талап коюушууда.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн