Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 05:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Депутат: Ысык-Көлдө балдар дүкөндүн имаратында билим алышууда

20.10.2023 15:20
373
Депутат: Ысык-Көлдө балдар дүкөндүн имаратында билим алышууда


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында балдар дүкөндүн имаратында билим алышууда. Бул тууралуу Элдик депутат Арсланбек Малиев Жогорку Кеңештин «Альянс», «Ынтымак», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман нуру» фракциялары менен биргеликте өткөн биргелешкен жыйынында билдирди.


«Алардын залы бар. Ал көшөгө менен экиге бөлүнгөн. Аларга качан мектеп куруп бересиңер?», — деп сурады депутат.


Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева имаратта 180 бала билим алып жатканын билдирди. 2007-жылы иштебеген дүкөн мектепке ылайыкташтырылган. Аларга буга чейин императив кеңейтүү үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген.


«Кеңейтүүнүн кереги жок. Жаңы мектеп куруш керек”, - деп каршы чыкты Арсланбек Малиев.


Мамкурулуштун башчысы Мырзабек Жыпаркулов Ак-Кочкор айылындагы мектептин курулушу келерки жылдын титулдук тизмесине кирерин убада кылды.


Жыйындын күн тартибинде “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети жана 2025-2026-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзам долбоору талкуулоонууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн