Бугу 19, 2024
Убакыт: 23:34
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат Ысык-Көлдө эс алуунун баасы жогору экенине нааразы болду

28.06.2022 15:31
415
Депутат Ысык-Көлдө эс алуунун баасы жогору экенине нааразы болду


Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитети бааларды жөнгө салуу боюнча мыйзам актыларын талкуулады. Анда депутат Бахридин Шабазов Ысык-Көлдө эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттар жок болгонуна карабай кызмат баалары жогору экенин белгиледи.

"Өлкөгө туристтерди тартуу керек дейбиз. Бирок билесиздер, меймандарды кандай шартта тосуп аларыбызды. Мисал катары Орусиядан келген туристти алсак, бааларды карап көрөт да андан көрө ушул акчага Түркияга барып эс алып келейин дейт. Ал жактын тейлөөсү биздикине салыштырмалуу мыкты. Эс алуучуларга сапаттуу кызмат көрсөтпөй туруп чоң суммадагы акча алуу адилетсиздик. Бааларга маани берилиши керек", - деди эл өкүлү.

Монополияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Кеңешбай Тайлаков туризм жаатындагы баалар суроо-талапка жараша экенин белгиледи.

"Бул атаандаштык рыногу. Ошондуктан алар өзү каалагандай баа саясатын жүргүзөт. Бирок биз монополияга жол берип жаткандарды аныктасак, тиешелүү чараларды көрөбүз", - дейт ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн