Ысык-Көлдөгү пакистандыктарды көрүп өзүм Кыргызстандамынбы деп күмөн санадым. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов билдирди.
Анын айтымында, пакистандыктар Кыргызстанга келип, обсервацияга жатпай эле эс алып жүрөт.
"Мен Ысык-Көлдөгү пакистандыктарды көрүп өзүм Кыргызстандамынбы деп күмөн санадым. Алар обсервацияда жатыш керек болсо, эмнеге эс алып жүрөт?",- деди депутат.
"Манас" аэропортунун башчысы Бакыт Шаршеев 65 чартердик рейс менен 12 миң пакистандык келгенин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн