Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 11:19
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Депутат Түркияга боз үйлөрдү жөнөтүүнү сунуштады

08.02.2023 11:37
378
Депутат Түркияга боз үйлөрдү жөнөтүүнү сунуштады

Бүгүн, 8-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Түркияда зилзаладан жабыр тарткан региондорго боз үйлөрдү жөнөтүүнү сунуштады.


Депутат түрк элине зилзаланын курмандыктарына байланыштуу көңүл айтып, Кыргызстан Түркия менен дайыма бирге экенин белгиледи.


"Биз бир тууган боордош элбиз. Дайыма кыйынчылыкта да, жакшылыкта да бири-бирибизге жөлөк болуп келебиз. Биздин республикага кол салуу болгондо Түркиядагы боордошторубуз жүк ташуучу унаалар менен канчалаган үйлөрдү, гуманитардык жардамды жөнөттү.

Сырттан өлкөнүн бүтүндүгүнө коркунуч болуп турганда Түркия колдоо көрсөттү.

Биздин түрк элине материалдык жардамдан моралдык жардамыбыз маанилүү. Ошентсе да азыркы учурда үй-жайсыз калган боордошторго боз үйлөрдү жөнөтүү керек.

Стамбулда жер титирөө болгондо кыргыздар боз үйлөрдү жиберген",- деди депутат Кадырбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн