Теке 27, 2024
Убакыт: 09:28
USD
EUR
RUB

Депутат Жалал-Абадга технопарк зонасын түзүүнү сунуштады

07.12.2023 10:18
458
Депутат Жалал-Абадга технопарк зонасын түзүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев Жалал-Абад облусуна "Ноокен Технопаркы" эркин экономикалык зонасын түзүүнү демилгеледи. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.


Максаты — Ноокен районун тездик менен өнүктүрүү, регионго жогорку технологиялык өндүрүштөрдү жана инновациялык бизнести тартуу.


Аталган зона үчүн райондун аймагынан 180 гектар жер керектелет.


Технопарк төмөнкү тармактарга багытталат:

маалыматтык технологиялар, анын ичинде программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана маалыматтарды талдоо;

- саламаттык сактоо жаатындагы инновациялык чечимдерди иштеп чыгууга багытталган биотехнологиялар жана медициналык жабдуулар;

- энергетикалык жана экологиялык таза технологиялар, анын ичинде энергиянын кайра жаралуу булактары жана туруктуу өндүрүш процесстери;

- өндүрүштүк автоматташтыруу жана робототехника.


Технопарктын долбоору дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнүн технологиялык компанияларын тартууга багытталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн