Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун мушташып жаткан видеосу социалдык тармактарда тарады.
Аталган окуя боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы билдирүү таратты.
Ага ылайык, Элебаев көчөсүндө 12-мартта ресторандын күзөтчүсүнө белгисиз адамдар кол салып, көптөп сабаган.
Күзөтчү алган жаракатынан улам Улуттук госпиталга жаткырылган.
Жаран аны сабагандарга карата чара көрүүнү талап кылып, арыз менен милицияга кайрылган.
Милиция окуяга катыштыгы бар бардык жарандарды аныктаганын кошумчалады.
Пикирлер (2)