Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 04:00
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Жогорку Кеңеште депутаттар өкмөттүн отчету чындыкка дал келбейт деп сындашты

13.05.2020 13:28
989
Жогорку Кеңеште депутаттар өкмөттүн отчету чындыкка дал келбейт деп сындашты


Өкмөт каражатты абадан алып, кирешени көбөйтүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2019-жылга болгон отчеттун угууда депутат Мурадил Мадаминов билдирди.

 

Анын пикиринде жок каражаттарды көрсөтүү менен Өкмөт ички карызды көбөйтүп жатат.


“Президент сыртка чыгып акча издеп, келишимге кол койгондон кийин аны аткара албаса, өкмөт кетиши керек. Экспорт 1 миллиард 965 миллион доллар, импорт 4 миллиард 900 долларды түзүптүр. Бул көрсөткүч өтө начар. Ал эми бюджет 12 миллиардга өстү деп жатасыз. Эми баалуу кагаздарды чыгаруу 2018-жылга 30 миллиард 941 миллион сом деп турат, 2019-жылга 51 миллиард 294 миллион деп 20 миллиард сомго баалуу кагаздарды чыгарып жатасыңар. Бул деген силер абадан алып туруп, кирешени көбөйтүп, муктаждыкты жаап, анан биз кыйраттык деген отчет болуп жатат”, - деди Мадаминов. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн