Бугу 09, 2024
Убакыт: 06:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Депутат көчөлөрдүн жана айылдардын аттарына адамдардын атын койбоону сунуштады

19.09.2023 14:14
260
Депутат көчөлөрдүн жана айылдардын аттарына адамдардын атын койбоону сунуштады


Бүгүн Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанар Акаев географиялык аталыштын ордуна адамдардын атын колдонууну токтотууну сунуштады.


Ал белгилегендей, акчасы барлар көчөгө, айылдарга атасынын атын ыйгарышат.


«Канчалык улуу инсан болгонуна карабай, район, айылдардын атын атоону токтотушубуз керек. Азыр бардыгы ушундан улам мелдешип жатышат. Бир мектеп курулуп жатса, төрт киши атасынын атын ыйгаргысы келет. Эгер алар чындап элге кызмат кылып, улуу болсо, анда алар жөнүндө даректүү тасмалар тартылып, китептер жазылышы керек», - деди эл өкүлү.


Ал ошондой эле “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамда жерлерге адамдардын атын берүүгө тыюу салынганын кошумчалады.


Эске сала кетсек, министрлер кабинети Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы айрым айыл аймактарынын жана айылдарынын атын өзгөртүүнү караган мыйзам долбоорун сунуштаган.


Комитет бул мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн