Аяк оона 30, 2024
Убакыт: 00:17
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Депутат минкабдан аялдарды ЖКга баяндамачы кылып жибербөөнү суранды

23.05.2024 14:59
124
Депутат минкабдан аялдарды ЖКга баяндамачы кылып жибербөөнү суранды


Министрлер айым депутаттарды Жогорку Кеңешке баяндамачы кылып жиберүүнү адатка айлантып алышкан. Бул тууралуу депутат Алишер Эрбаев парламент жыйынында билдирди.


Белгилей кетсек, эл депутаттары “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына социалдык чөйрөдөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карашты. Баяндамачы Эмгек министринин биринчи орун басары Жылдыз Полотова.


Алишер Эрбаевдин айтымында, депутаттар аларды таарынтып алуудан коркуп, аларга суроо бере алышпайт, анткени интернетте аларды аялдарга кысым көрсөткөн деп айыптап жатышат.


«Азыр залда үч аял – министрдин орун басарлары отурушат. Алар даярдыксыз келишти. Сиз кандайдыр бир жобого шилтеме кылган мыйзам долбоорун алып келесиз. Мыйзамдар мындай жазылбайт. Бул жерде айымдарды жамандагым келбейт. Бирок министрлер кабинетинин мүчөлөрү мыйзамдарды жазганды билбесе, бизге алып келгиле, биз жасайбыз», - деди ал.


Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева эркек кесиптештеринин атынан Эмгек министринин орун басарынан кечирим сурады. «Мен депутаттардан министрлер кабинетинин мүчөлөрүн эркек жана аял деп бөлбөөнү суранам. Ансыз деле гендердик теңсиздик бар. Кесиптешиңиздин сөзү сизге орой көрүнсө дагы бир жолу кечирим сурайм», - деди ал.


Талкуудан кийин эл өкүлдөрү эмгек министринин мыйзам долбоорун кийинки жыйынга жеке алып чыгуусун талап кылып, маселени күн тартибинен алып салышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн