Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:09
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Депутат президент менен болгон жолугушууда эмне тууралуу кеп болгонун айтты

22.07.2021 08:21
667
Депутат президент менен болгон жолугушууда эмне тууралуу кеп болгонун айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кечээ, 21-июлда президент Садыр Жапаров менен Жогорку Кеңештин депутаттары эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.


Анын айтымында, жолугушуу пикир алмашуу катары өткөн.


"Баарыныздарга белгилүү болгондой, кечээ депутаттар президент Садыр Жапаров менен резиденцияда жолугушуу өткөрдүк.


Жолугушуу жайдары маанайда, пикир алмашуу катары өттү.

Негизинен шайлоо системасы талкууланды. Президент жана ар бир депутат өздөрүнүн пикирлери менен бөлүштү.

Партиялык тизме менен шайлоодо преференциалдык методду колдонуу же мурдагыдай жабык тизмеде шайлоо методун талкууладык.

Мажоритардык бир мандаттуу шайлоо  системасы да талкууланды",- деди депутат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн