Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:07
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Депутат терезеден секирип качып кеткен. Комиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди

09.01.2024 20:40
329
Депутат терезеден секирип качып кеткен. Комиссия Жамгырчиевди жоопко тартууга уруксат берди


Бүгүн, 9-январда Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссия “Альянс” фракциясынын мүчөсү Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болду. Бул тууралуу “Азаттык” парламенттеги ишенимдүү булактарына таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, комиссиянын жабык өткөн жыйынында көпчүлүк Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Андан соң Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүлөрү депутатка чакыруу кагазын берүүгө аракет кылышкан. Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын иш бөлмөсүнө кирип, Жогорку Кеңештин имаратынын 2-кабатындагы терезеден секирип түшүп, Чүй проспектисин көздөй качып кеткенин ишенимдүү булактар “Азаттыкка” кабарлашкан.

УКМК азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, Жамгырчиев бүгүн парламентте маалымат жыйынын бермек. Депутаттын кайда экени азырынча белгисиз.

Эске салсак, эл өкүлү буга чейин өзүнө тагылган кинени четке кагып, муну "саясий куугунтук" катары баалай турганын билдирген.

Булак: “Азаттык” үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн