Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 08:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.930

Депутат той, мааракелерде ысырапкерчиликке жол бербөө үчүн мыйзам долбоорун сунуштады (тизме)

11.05.2021 10:07
889
Депутат той, мааракелерде ысырапкерчиликке жол бербөө үчүн мыйзам долбоорун сунуштады (тизме)

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов той-аштардагы, мааракелердеги жана аза күтүүдөгү ысырапкерчиликтерди токтотуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. 


Мыйзам долбооруна ылайык, той-аштарда чакырылган кишилердин санын кыскартып, ысырапкерчиликке жол бербөө каралган. 


Ага ылайык:

* Той, маараке, үй-бүлөлүк салтанаттар 100дөн ашпаган адамды чакыруу менен жүргүзүлөт. Үлпөт тойлор 200гө чейинки адамга банкет менен бир күндүн ичинде өткөрүлөт. Никелешүүнү мамлекеттик каттоо салтанаты 3төн ашык эмес жеӊил автоунааны колдонуу менен өткөрүлөт;


* Сөөктүү коюу, жаназа окуу иш-чараларында катышуучулардын саны чектөөсүз. Бирок ири мүйүздүү мал жана жылкы союлбайт. Өлгөндөн кийин аза күтүү учуру боюнча ырымдарга 100дөн ашпаган адам чакырылат, анда дагы чоң мал союуга болбойт;


* Зыяратчыларды узатуу жана тосуу учурунда үй-бүлө, жакындар менен гана өткөрүлөт. Конок чакырып, жалпы иш-чараларды уюштурууга катуу тыюу салынат;


* Үлпөт той, маараке салтанаттарды, сөөк коюу жана маркумдун элесине арналган иш-чараларды өткөрүү эс алуу күндөрү саат 8.00дөн 23.00гө чейин, ал эми жумушчу күндөрү саат 18.00дөн 22.00гө чейин жүргүзүлөт.


* Айып пул: эрежелерди бузгандар 8-категориядагы айыпка жыгылышат. Башкача айтканда, жеке тараптар — 17,5 миң сом, юридикалык тараптар 55 миң сом төлөйт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн