Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 08:31
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Депутат турмушуна нааразы болгондорду Памирге барууну сунуштады

23.01.2020 12:40
648
Депутат турмушуна нааразы болгондорду Памирге барууну сунуштады

Вице-спикер Мирлан Бакиров ЖК жыйынында Кыргызстанда турмушка нааразы болгондорду Памирге айдайлы деген оюн айтты. Андан ары күүлөнгөн боюнча памир кыргыздарын колдоо боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгууну да сунуш кылды. Депутаттын памир кыргыздарын колдоо боюнча демилгесине кошулса болот, бирок Кыргызстандагы жашоого нааразы болгондорду Памирге айдайлы дегени аша чапкандык. Керек болсо, Кыргызстанда Памирден кем калышпаган жерлерде жашап жатышкан айылдар да бар. Айталы, Ысык-Көл облусунун Ак-шыйрак айылында 3 ай эле жаз-жай болбосо, калган учурда Памирден кем калышпайт. Ошондой эле Кыргызстандын Сибири делген Ак-Сайда да адамдар жашап жатышат. Бул депутат адегенде ушул жерлерди бир сыйра көрүп келип, анан сүйлөсө жарашмак. Анан калса Кыргызстан жакпаган адамдарын жайлоого жөнөткөнсүп Сибирге айдаган падышалык Россия эмес. Кичине опурулгандын да чеги бар эмеспи...

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн