Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Депутаттар Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышты

28.04.2025 15:24
25
Депутаттар Башкы прокуратуранын Юридикалык академиясынын ишмердүүлүгү менен таанышты


Жогорку Кеңештин «Мекенчил» депутаттык тобу көчмө жыйындын алкагында Башкы прокуратурасына караштуу Юридикалык академиянын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, иш-чарага депутаттык топтун мүчөлөрүнөн тышкары Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева жана академиянын ректору Айбек Турганбаев катышты.


Алгач эл өкүлдөрү окуу жайдагы Криминалистикалык борбордун ачылыш аземине катышып, андагы окуу-тергөө багытындагы лабораториялар, баалуу тарыхый экспонаттар жана көргөзмө буюмдарды жеринен көрүп чыгышты. Маалымат менен Юридикалык академиянын ректору, генерал-майор Айбек Турганбаев өзү тааныштырды. Муну менен катар студенттер үчүн түзүлгөн заманбап шарттар тууралуу маалымат берилип, китепкана, иш бөлмөлөрү, компьютердик залдар, жыйындар залы жана маданий иш-чаралар өтүүчү жай дагы көрсөтүлдү.


Окуу жайдын ачылышын өз убагында кабыл алынган тарыхый чечим катары баалаган "Мекенчил" депутаттык тобунун жетекчиси Кундузбек Сулайманов: "Бүгүнкү күндө өлкөдө тергөөчүлөрдүн, прокуратура кызматкерлеринин жетишсиздигинен улам жарандардын арыз-дооматтары өз убагында каралбай жана кылмыш иштеринин бети ачылбай, көзөмөлдөөчү органга суроо-талаптар көбөйүүдө. Эми бул окуу жай мекенге күйүп, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргойм деген жүрөгүндө патриоттук сезими бар, прогрессивдүү жаш кадрларды тарбиялап, чыгарат деп терең ишенем", - деди.


Ошондой эле Прокуратура институту Конституциянын жана мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышын көзөмөлдөгөн маанилүү мамлекеттик орган экенин баса белгилеген Кундузбек Сулайманов: "Жогорку Кеңеш менен Башкы прокуратуранын тыгыз кызыматташтыгы мамлекеттин укуктук талаада багыт алышына жана өнүгүшүнө өбөлгө болот", - деп кошумчалады.


Көчмө жыйын андан ары академиянын жыйындар залында уланып, анда окуу жайдын студенттери кылмыш тергөө процессинде колдонулуп жаткан заманбап ыкмалар, жаңы технологиялык программалар жана алдыңкы жабдуулар туурасында баяндамаларды жасашты.


Соңунда эл өкүлдөрү академиянын мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, билим уясынан Кыргызстандын өнүгүшүнө, адам укуктарынын жана демократиянын сакталышына чоң салым кошкон кесипкөй улан-кыздар тарбияланып чыксын деген тилектерин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн