Бугу 15, 2024
Убакыт: 10:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Депутаттар Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 25 млн доллар карыз алууну колдоду

01.02.2023 17:36
177
Депутаттар Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 25 млн доллар карыз алууну колдоду

Бүгүн, 1-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2022-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банктын) ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.


Жыйында баяндама жасаган энергетика министри Таалайбек Ибраев белгилегендей, "Электр энергииялык секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоору бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталган.


Ал эми аталган долбоорду каржылоого Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 50 млн АКШ доллар бөлөт.


Талкуу маалында Русланбек Жакышов чет өлкөдөн алынган карыздын көпчүлүгү энергетика секторуна жана жол тармагына жумшалганын эске салып: “Бирок натыйжасын көрүп жатабыз. Жолдорубуз талкаланып, жарыгыбыз өчүп жатат. Андыктан, карызга алынган каражаттарды туура пайдалануу башкы маселе”, – деди.


Ал эми депутат Жаныбек Кыдыкбаев сунуштап жаткан долбоор өлкө экономикасына кандай таасир берерине кызыгып, ошону менен бирге ортомчу компанияларды жоюу сунушун берди. Өз кезегинде энергетика министри Таалайбек Ибраев тармак 9 млрд сомдун тегерегинде үлүш кошорун айтып: “Каражатыбыз 8-10%га чейин көбөйөрүн болжолдоп жатабыз”, – деди.


Ошондой эле депутат Адахан Мадумаров Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүүгө 110 млн доллар кетээрин тактап: “А биз 2 млрд доллардан ашуун карызды электр тармагына гана алдык. Ошол акчага Камбар-Ата-2ге окшогондон он-жыйырманы курсак болмок. Андыктан алынган карыз кайда кетти деген суроо мыйзам ченемдүү”, – деди.


Андан тышкары, депутат Нуржигит Кадырбеков энергетика тармагында 16 миң кызматкер эмгектенерин, анын 4 миңи эле чиновниктер экенин белгилеп: “Ошолорду азайтса болобу?” – деди.


Ал эми Таалайбек Ибраев “4 миң дегендин баары директор же начальник эмес. Инженерлер дагы бар. Санариптештирүүгө жетишсек, 600дөй кызматкер кыскарат”,– деп кошумчалады.


Депутат Алишер Эрбаев эл аралык макулдашууга карата тармактык министрликтердин корутундусу жок экенин жүйө келтирип, мыйзам долбоорун биринчи окууга кайтаруу сунушун берди.  


Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, кабыл алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн