Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:52
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутаттар Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды

10.02.2023 17:57
326
Депутаттар Түркиянын элчилигине барып, көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды


Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Фархад Исмаилов,  Таалайбек Масабиров  жана Кундузбек Сулайманов Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине барып,   көңүл айтып кайтышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.


Депутаттар  Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Ахмет Садык Доган менен жолугушуп, көңүл айтуу китепчесине Түркия элинин кайгысын тең бөлүшөрүн, жарадар болгон жарандар тезирээк сакайып кетишин тилеп жазышты.  

  

Ошондой эле депутаттар менен чогуу Кыргызстан дин башкармалыгынын башчылары ж.б. белгилүү дин ишмерлери  апааттан набыт болгон жарандардын арбагына багыштап куран окуду.  


Депутат Фархат Исмаилов эки айлык маянасын жардам катары атайын эсепке которду. 

 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн