Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 13:52
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Депутаттар чек арадагы окуяны жабык эшик артында карап жатат

06.05.2021 17:42
893
Депутаттар чек арадагы окуяны жабык эшик артында карап жатат

Бүгүн Жогорку Кеңеш  кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны жабык эшик артында  талкуулап жатат. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган жетекчилер чакырылган.


Парламентте президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү ушул тушта Баткенде жүргөндүктөн, маселени эмки аптада кароо тууралуу демилге көтөрүлгөн, бирок ал добуш берүүдө колдоо тапкан эмес. Айрым депутаттар чек ара маселеси ачык талкууланышы керектигин билдиришкен.


Буга чейин парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу бир канча чечимди кабыл алган жана ал 6-майдагы жалпы жыйынга чыгарылары айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн