Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 11:50
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Депутаттар элчилердин тилди билбегенин сынга алды

20.02.2023 17:24
292
Депутаттар элчилердин тилди билбегенин сынга алды

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев өзү жетектеген мекеменин 2022-жылдагы иши тууралуу маалымат берди.  


Министрликтин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарына токтолгон Жээнбек Кулубаев 2022-жылы дипломатиялык кызмат органдарынын иши үч негизги багыт боюнча жүргүзүлгөнүн белгиледи. Тагыраагы, саясий кызматташтыкты өнүктүрүү, экономикалык дипломатияны активдештирүү, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бир катар жумуштар жасалганы айтылды.


Талкуу маалында депутат Улан Бакасов тармакка тиешелүү көйгөйлөрдү көтөрүп, Тышкы иштер министрлиги тарабынан чет элдик инвестицияларды тартуу жана Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукцияны экспорттоого көмөк көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге кызыкты. Ошондой эле Кыргыз Республикасында Европа мамлекеттеринин өкүлчүлүктөрүн ачуу зарылчылыгын кошумчалаган депутат Тышкы иштер министрлигинин кадрдык потенциалы тууралуу сөз кылып чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кесипкөй дипломаттар гана дайындалышы керектигин баса белгиледи.


Депутат Шайлообек Атазов айрым дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилеринин чет тилин билбегендиги кызматташууга кедергисин тийгизип жатканын айтса, депутат Адахан Мадумаров Кыргызстанга 10 мектеп куруу боюнча Россия Федерациясы менен түзүлгөн келишимдин аткарылышын сурады. “Тажикстанда ушундай эле келишимдин негизинде мектептер курулган. Бирок бизде бир дагы мектеп курула элек, эмне себептен бул процесс кечеңдеп жатат?” – деди Адахан Мадумаров.Өз кезегинде министр сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын жана мектептердин долбоору аяктаганын билдирди.


Депутат Ырысбек Атажанов чет мамлекеттердин түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан кыргызстандыктарды экстрадициялоо боюнча ишти күчөтүү зарылчылыган токтолсо, депутат Миргүл Темирбаева Тажикстандын учурдагы тышкы саясий абалына кызыкты. Ошондой эле депутат Лейла Лурова дипломатиялык миссияларга талапкерлерди тандоо кандай жүрүп жатканын сурады.


Тышкы иштер министри ар бир дипломат кесипкөйлүктөн тышкары чет тилди билиши керектигин айтып: “Араб өлкөлөрүнө дипломат дайындалса, араб тилин билүү милдеттүү, ал эми Европа өлкөлөрү үчүн немис жана француз тилдерин билүү талап кылынат. Ошол эле учурда ар бир дипломат англис тилин билиши кажет” – деп кошумчалады.


Андан тышкары, комитет төрагасы Улан Примов эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо, аларга жардам көрсөтүү, кайрылууларын ыкчам кароо боюнча ишти активдештирүү максатында Кыргызстандын Россиядагы элчилигине кошумча штаттык бирдиктерди ачып берүүнү сунуштады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн