Бугу 06, 2024
Убакыт: 01:34
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Депутаттар кытайлык инвесторлор менен жолугушту

13.02.2023 18:11
290
Депутаттар кытайлык инвесторлор менен жолугушту

Бүгүн, 13-февралда депутат Карим Ханджезанын демилгеси менен төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Кытай Эл Республикасы менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Исхак Масалиев аталган өлкөдөн келген инвесторлор менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө кытайлык инвесторлор курулуш, кайра иштетүү, айыл чарба жана мал чарбасы өңдүү экономиканын приоритеттүү тармактарына инвестиция салууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Улуттук холдинг корпорациясынын өкүлдөрүнүн айтымында, алар бардык долбоорлорунда алдыңкы технологияларды колдонуу менен заманбап өнүгүүгө өзгөчө көңүл бурушат, ошондой эле санариптик тармакка инвестиция салышат.


Өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз парламенти бардык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон колдоолорду көрсөтүүгө даяр экендиктерин белгилешти. Анын ичинен Кыргызстандын курулуш, өнөр жай, соода жана тоо-кен тармактарында ар кандай эл аралык кытай компаниялары жана корпорациялары менен ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тажрыйбасы бар экенин кошумчалашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн