Бугу 05, 2024
Убакыт: 17:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Депутаттар менен активисттер Иштамберди кени боюнча президентке кайрылышты

14.11.2023 14:09
1238
Депутаттар менен активисттер Иштамберди кени боюнча президентке кайрылышты


13-октябрда Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин депутаттары жана жарандык активисттер Иштамберди алтын кени тууралуу Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдошту. 


Маалымат жыйында кенди иштеткен кытайлык "Фулл Голд Майнинг" компаниясынын ишмердүүлүгү жөнүндө сөз болду. Жергиликтүү кеңештин депутаты Азамат Мырзагулов алтын казууга уруксат алган фирмалар тийиштүү талаптарды аткарбай жаткандыгын айтты. Мындан улам алар укук коргоо органдарына да кайрылуу жолдошкон.


"Ал жактагы фирмалар көп эле келишимдерди аткарбай келишет. Ошонун негизинде элде көп ызы-чуу, талаш тартыш болуп турат. Ал жерде жол талкалагандар, сууну булгагандар дагы бар. Ошонун негизинде мыйзам чегинде чара көрүлсө деп кайрылып жатабыз. Учурда облустук администрацияга жана прокуратурага да кайрылганбыз", - деди Мырзагулов.


Ал эми жарандык активист Мирлан Мырзаев алтын казуучу компаниянын жүргүзгөн иштери талапка жооп бербей турганын белгилейт. Анткени алардын уу калдыктарды сактоочу жайы талапка жооп бербейт дейт. 


"Кокус өтө катуу сел же жер титирөө болуп калса уу калдыктарды сактоочу жайы жарылып кетиши мүмкүн. Кокус ал жарыла турган болсо жанындагы даряга түшөт. Анда аны пайдаланып жашап аткан дарыя жараксыз болот".


Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети ушул жылы май айында Чаткал менен Ала-Букадагы алтын казуудан чыккан маселелерден улам жеринде көчмө жыйын өткөргөн. Жыйынтыгында кен казган компаниялар, аларга айтылган сын-дооматтарды териштирүү тууралуу өкмөткө бир катар тапшырмалар берилген.


11-сентябрда тармактык комитетинин жыйынында депутат Алишер Эрбаев "Фулл Голд Майнинг" келишимдеги милдеттерин аткарбай жатканын сындап, аны улутташтырууга негиз жетиштүү экенин билдирген. Аталган кен 2008-жылы "Кен байлыктарын инвестицияларга алмашуу" деген программанын алкагында "Фулл Голд Майнингге" берилген. Келишимге ылайык, кытайлык компания жалпысынан 112 миллион доллар инвестиция салуу милдетин алган.


Документтеги шарттарга ылайык, компания 2009-жылы Ош - Сары-Таш - Эркечтам жолунун 50 чакырымын өз эсебинен асфальттап берген. Бул жолдун долбоору 25 млн 300 миң долларга бааланганы жарыяланган.


"Фулл Голд Майнинг" 2016-жылы гана Иштамбердиде алгачкы алтын аралашкан куймалар өндүрүлө баштаганын билдирген. Жергиликтүү тургундар буга чейин бир канча жолу нааразылык акциясына чыккан. Алар инвестициялык макулдашуунун шарттарын кайра кароону, кенди иштетүүдөгү экологиялык жана техникалык ченемдердин сакталышын тартипке салууну талап кылып келишет.


Булак: t-media

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн