Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 20:27
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Депутаттар мугалимдерге 1 млн сом сыйлык берүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады

07.09.2021 14:06
1062
Депутаттар мугалимдерге 1 млн сом сыйлык берүү жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады

7-сентябрда Жогорку Кеңештин сайтында «Мугалимдин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.


Мыйзам долбоорун депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаев демилгелеген.


Документке ылайык, жалпы билим берүү уюмдарында республикалык, эл аралык предметтик олимпиадаларда жеңишке жетишкен окуучуну даярдаган мугалимге үч айлык маянасы сыйлык катары берилет.


Ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарында он жылдан кем эмес иштеген мугалимге бир жолу төлөнүүчү 10 миң эсептик көрсөткүч (1 млн сом) өлчөмүндө сый акы берүү сунушталууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн