Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев жана Мирлан Жээнчороев саясатчыларды жана активисттерди тыңшоого уруксат берген сотту кызматтан бошотууну сунуштады.
"Жакында эле уктук, 6-январда ИИМ сотко кайрылып, үч депутат жана активисттердин телефон сүйлөшүүсүн тыңшаган. Депутаттардын кол тийбестиги бар, бирок сот ага карабай уруксат берген. Мен билем, саясатчыларды дайым тыңшап келишкен, бирок мыйзамдуулук болуш керек да. Анда "депутаттарды уга берсе болот" деп Конституцияга жазып коёлу", — деди Бекешев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн