Чын курандын 18, 2025
Убакыт: 06:49
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга уруксат берди

22.06.2023 12:43
556
Депутаттык комиссия Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга уруксат берди


Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартууга уруксат берди. Бул тууралуу аталган фракциядан билдиришти.


Алардын айтымында, эки гана эл өкүлү Гуля Кожокулова менен Фархад Алимджанов кесиптешин коргоп чыгышкан.


Комиссиянын курамына депутаттар Карим Ханджеза, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова, Миргүл Темирбаева, Гуля Кожогулова, Мурадил Садыков, Фархад Алимджанов, Мирлан Самойкожо кирген.


Бүгүн парламенттин координациялык кеңеши комиссиянын чечимин карап, маселени жыйынга алып чыгат.


Эске салсак, Жогорку Кеңеште “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн