Аяк оона 23, 2024
Убакыт: 05:22
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Мандатын тапшырган Исхак Масалиев кайра парламенттик шайлоого барууну ойлонууда

04.08.2020 13:44
1382
Мандатын тапшырган Исхак Масалиев кайра парламенттик шайлоого барууну ойлонууда


Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын лидери Исхак Масалиев парламентке кайра келүүнү ойлонууда. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында жазды. 


Мурунку депутат соцтармактын колдонуучуларынын пикирин билүү максатында сурамжылоо уюштурган. 


"Шайлоо кызуу башталды. Таанымалдары да, таанымал эместери да депутат болобуз деп чуркап жүрүшөт. Фейсбук колдонуучуларынын арасында социологиялык сурамжылоо сыяктуу өткөрүп көрөйүн дедим. Албетте, Фейсбуктун колдонуучулары - бүтүндөй эл эмес, бирок, салмактуу ойду чагылдырып берет. 


Суроом - сиздер кийинки чакырылышта Исхак Масалиевди депутат катары көргүңүздөр келеби? Мен бир чечимге келишим керек болуп жатат», - деп суроо салган депутат. 


Исхак Масалиев ушул жылдын 25-майынан тартып Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатын тапшырган. Ал трибунада сөз сүйлөп жатып, Жогорку Кеңештин дарегине эң көп сын айтылган ушул чакырылыштагы парламент болуп эсептелгенин билдирген.  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн