Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:26
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Премьер-министрди коррупция боюнча айыптоо негизсиз, - Султаналиев

20.05.2020 15:40
1264
Премьер-министрди коррупция боюнча айыптоо негизсиз, - Султаналиев


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин мыйзамдуулукту бузууга катыштыгы тууралуу депутат Жанар Акаевдин билдирүүсүнө байланыштырууга эч кандай негиз жок, деп билдирди өкмөт башчынын маалымат катчысы Адилет Султаналиев “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде.


Албетте бул иш боюнча иликтөө жүрүп жатканы тууралуу маалыматыбыз бар. Өкмөттүн тергөө иштеринин жүрүшү тууралуу комментарий берүүгө укугу жок. Бул иликтөөнүн жүрүшүнө басым жасалып жаткандай бааланып калышы ыктымал”, - деди Султаналиев.


Ал белгилегендей, эгер зарылчылык болсо иштин тергелиши ар тараптуу жана объективдүү болушу үчүн өкмөт башчысы жана өкмөт мүчөлөрү түшүндүрмө берүүгө даяр.


Эске салсак, бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев “Ала ТВ” телеканалы 200 мегагерц жыштыгы менен Казакстандын Beeline байланыш операторуна арзан баада коррупциялык жол менен сатылып кетишине премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тиешеси бар экенин билдирип, бул боюнча өзүнүн ак экенин далилдеши зарылдыгын айткан болчу.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн