Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 16:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Депутаттын оозун жабуу – элдин оозун жабуу. Тазабек Икрамов Өмүрбек Бакиров боюнча маселе көтөрдү

23.11.2022 10:35
2356
Депутаттын оозун жабуу – элдин оозун жабуу. Тазабек Икрамов Өмүрбек Бакиров боюнча маселе көтөрдү

Бүгүн, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов кесиптеши Өмүрбек Бакировго жасалган мамиле боюнча маселе көтөрдү.


Тазабек Икрамовдун айтымында,  Жогорку Кеңештин депутатынын буюмдарын эскертүүсүз кабинеттен чыгарып коюу мыйзамга каршы келет.


"Урматтуу депутаттар, коллегалар, Жогорку Кеңештин депутатына жасалган мамиле мыйзамга каршы келет.

Президенттин администрациясынын өкүлү кабинетти бошотуу боюнча кат жолдодубу күтүп туруш керек. Дароо барып анын буюмдарын чыгарып салбай.

Мен Президенттин администрациясынын өкүлү Усенованын кызматтан алынышын талап кылам.

Урматтуу депутаттар, бир кесиптешибиз айткандай, бийлик 90 депутатты алдына салып айдап бара жатабы?

Бизди эл шайлаган. Биздин үнүбүздү жеткирсин деп шайлаган. Депутаттын үнүн жабуу элдин үнүн жабуу болуп саналат",- деди Тазабек Икрамов. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн