UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен Тони Фергюсондун беттешин өткөрүү үчүн орун тапканын, бирок күйөрмандарсыз өтөрүн айтты.
“Мен беттеш кайсыл жерде болорун билем, бирок азыр айтканга даяр эмесмин. Ал жакта эч кандай күйөрман болбойт. Мелдеш жабык өтөт”, - деген Дэйна Уайт.
Буга чейин Хабиб Нурмагомедов беттеш өтөр-өтпөсү белгисиз экенин айткан болчу.
Эске салсак, коронавирус инфекциясына байланыштуу баардык мелдештерди токтотуп же башка мөөнөттөргө жылдырып жатат. UFC уюму буга чейин 3 мелдешин жылдырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн