Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов америкалык каршылашы Тони Фергюсон менен боло турган беттеши тууралуу үн катты.
Нурмагомедов менен Фергюсон UFC 249 турниринин негизги беттешинде , 18-апрелде АКШнын Бруклин шаарында кез келмек. 15-мартта АКШнын ооруларды алдын алуу жана текшерүү мекемеси, алдынкы сегиз жума аралыгында өтүүчү баардык иш-чараларды токтоткон. Ал эми, UFCнин президенти Дэйна Уайт мелдеш өз убагында болор-болбосун билбестигин айткан.
“Кайсыл жерде беттешебиз же таптакыр беттешпейбизби, эмне болуп жатканын түшүнбөй турабыз. Салмак кууш керекпи же жокпу баары түшүнүксүз”, - деп Хабиб Instagram баракчасына билдирүү калтырган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн