- Динара, жаңы чыккан “Нур” ыр жыйнагың менен куттуктайбыз! Дагы-дагы ийгиликтерди жарата беришиңе тилектешпиз. Мен былтыркы чыккан “Ак” жана “Бар” китептериңди толугу менен окуп чыктым, мыкты жазылган. Бул китебиңди кандай эргүү менен жаздың?
- Рахмат Кайыргүл! Өзүң айткандай, баардык эле акындарга эргүү келген учурлар болот эмеспи, ошол маалда иштеп коюп аттым. Ыр жазуу мени элиртип, дайыма өзүнө тартып турат. Бирок аялсың да, кечке жазуу менен алектенбейсиң, үй тиричилик бар, киши-кара келет дегендей. Мисалы, жолдошум жумуштан келип, эшик тарсылдатканда компьютеримди өчүрө коём. Кечке жазып, жазуудан чарчап келсе, мен да жазып отурсам болбой калат да. Көрүнбөй, угулбай иштеген жандүйнөмө жакыныраак. Көбүнчөсү эл-журт уктаганда, түн ичинде иштейм. “Түн бакырдыкы” деген жакшы сөз бар го, «түн акындыкы» деп коём өзүмчө.
Мен ыр жазып жатканда анын эртеңи тууралуу ойлор келбейт. Эртең бир жерге жарыялайын, же бирөө көрсүн деген сыяктуу ойлор. Гүл сыяктуу эле өсөт, кандай өссө, ошол эле калыбына тим коём. Билем, эмгек талаада калбайт, эртедир-кечтир качандыр бир кез окулат. Ошол окулган кезде окурмандын жандүйнөсүнө жарык чача алса экен деп гана тилейм. Анткени, ал жарык биз өтүп кеткенден кийин да барган жерибизге тийип турмагы бар. Ар бир эле жасаган иш Кудайга жакса, анан адамдарга жагат деп ойлойм. Кудай калпты жактырбайт, анүчүн чын жазып, жазганымдай жашаганга аракет кылам...
- Ыр ошондо өзүңдү да тарбиялайт экен да?
- Ошондой десе да болот. Кудай Таалам бизди да мээрим менен карап, кичине бир көкүрөккө көрө турган көз тартуулап койгонуна кубанып кетем. Көз дегеним ошо – күндүн чыкканына кубанам, суунун акканына сүйүнөм. Карап көрсөк, бу тирүүлүк бир эле жолу келген мүмкүнчүлүк экен. “Түбөлүк жашап калуу” деген сөз бар да. Ошо түбөлүк жашап калуу мүмкүнчүлүгү экен. Кантип жашап каласың? Албетте, сүйүү менен.
- “Бар” китебиңдеги “Бакма” деген аңгемеңди окуп, чындыгында таңкалдым, жасап эмес, жашап жазылгандай таасир калтырды мага.
- Ар бир калемгер жазган чыгармасын турмуштан алат. Айрымдары бирөөнүн турмушу болсо, кээси өзүнүн турмушунан дегендей. Ошондой жүрөктөн чыккан чыгармалар андан ары да жашоосун улантат, жашап калат деп ойлойм.
- Акын болуш үчүн адамга тагдыр керекпи?
- Керек деп айтып жүрүшөт го. Тагдыр дегени кандай, Кудайым анча-мынча сыноо берип, анын артынан жанагы жарака кеткен жерге жарык түшөт дегендей, жарыкты таануу, ак-каранын айрымасын жонтериң менен сезүү деген нерселер болсо керек. Кандай болгон күндө деле акындык жогорку тараптын буйругу менен болчу нерсе.
- Андай болсо, демек, анын жоопкерчилиги да чоң го?
- Ооба, ырас сенин колуңа калем берип, “жаз” деп атса, албетте, жамандыкты эмес, жакшылыкты жаз дегени да. Акындыктын Кудай астында сурагы чоң деп ойлойм. Кээ бир күнөө адам өлгөндөн кийин токтоп калат, кээде күнөө өлгөндөн кийин да улана берет, ошон үчүн жазууда, жаратмандыкта жоопкерчилик чоң.
- Проза менен поэзия жазуунун кайсынысы түйшүктүү?
- Экөө тең эле түйшүктүү иш. Экөө тең эле эргүү менен жазылат. Бирок, оргуштап жүрөктөн чыгып турган ыр чиймелерин отура калып жаза койгонгобу, ыр жазуу оңоюрактай сезилет мага. Ал эми прозага салмактуу, бараандуу ой чабыттары менен иштөөгө туура келет го...
- Чыгармачыл адамдар жашык болот эмеспи, сен кандайсың?
- Менин өзүмө өзүмдүн күлгөнүм жакпайт. Күлүп жатканда ичимден “кой” деген үн чыгып турат. Ал эми жашыктыкка келсек, жашык деле эмес окшойм. Турмушта ак менен кара бирдей жүрөт да, карасына көп деле кайыкпайм. Ыйлабайм. Себеби, билем, ар бир жан ар бир сөзү, ой-ниети үчүн, кылган иштери үчүн жооп бере турган күн келет. Ансыз бул акылдуу аалам жаралмак эмес. Бирок, кээде жандүйнөм тазарып, тунуп турганда ыйлагым келет. Токтобой бир ыйлап алгым келет.
- Эмнеге?
- Билбейм өзүм да. Көз жаш деген суу да. Суу тазарганда күчкө кирип, аска-ташты жарып, оргуштап чыккандай, көз жаш да тээ сөөк, чучук жиликти, жүздөгөн клетка, муун-жүүн, кан тамырларды аралап өтүп, тазартып өтүп, анан тамчылап агыла баштайт окшойт го...
- Жолдошуң Мамат Сабыров да жазуучу, эки талант бир үйдө кантип түтүн булатасыңар?
- Жашообуз эл катары эле өтүп жатат, Кудайга шүгүр. Жолдошумду мыкты жазуучу катары эсептейм. Бул мага жашаганга жеңилдик берет. Себеби, аял табиятынан алсыз да, күчтүү күйөөгө таянып жашоо – мен үчүн бакыт. Мен андан баардык жагынан төмөн турам, илим-билим, талант, сабырдуулук, ыйман, күч-кубат, ден соолук дегендей. Ага карап түздөнүп жашайм. Жолдошум жулунбайт, жулкунбайт, өз жолу менен акырын кетип бараткан адам. Мага үлгү.
Түтүн деп калбадыңбы, түтүндү мен булатам. Отун сүйрөп келип от жагам, кышы-жайы эле. Жайында сыртка очокко тамак кылмай. Ойлоп көрсөм, бала күнүмдөн эле от жагат экем. Атабыз биз кичине кезибизде өтүп кеткен. Ал кезде Таласта тамеки өсчү, апам тамекиге кеткенде бөбөктөрүм үшүбөсүн деп мен от жагат элем. Ошо боюнча бул от деген неме менин сырдашым, жакыным, жарыгым, жылыткычым, поэзиям болуп калды. Менин ордум – очоктун жаны.
Келин-уулум бөлүнүп кетишкен, бир жумада бир жолу келишет. Келиним Баткендин кызы. Ал келгенде жолдошум сүйүнүп кетет, “кызым, бир аш кылчы” деп. Мен от жагып берем.
- Чыгармачыл адам эргүүнү эмнеден алат?
- Чыгармачылык мен үчүн ыйык нерсе. Мага чоң бир үч бурчтукту элестетет. Анын бир бурчу сенин турмуштук байкоолоруң, таасирлериң. Бир бурчу окуган китептериң, көргөн кинолоруң, уккан музыкаң. А бир бурчу болсо тынымсыз жазуу. Эгер негизги ушул үчөөнүн бири эле кем болсо, чыгармачылыктын пирамидасы кем болуп калат. Бирок, бул үч бурчтук сени карап турган бир тарабы эле. Пирамида жерге орноп калышы үчүн анын ар тарабында дагы бир үч бурчтуктан экөө бар – талант, тазалык, ишеним деген сыяктуу. Төбөсү бар, түбү бар...
Жалаң турмуш болсо, өз казаныңда кайнап каласың. Жалаң китеп, музыкадан таасирленсең, жасалма болуп калат. Кара күчкө салып эле иштей берсең, көзсүз болуп калат. Чыгарма – бул дүйнө менен эле чектелбеген улуу нерсе.
- Кимдерди окуйсуң?
- Мен бир кезде япон поэзиясын окуп жүрдүм. Кыска, жөнөкөй, ошол эле учурда терең деп тааныдым. Кийинчерээк Чыгыш акындарынын ырларын окуп калдым. Кээ бир акындардын бир же эки эле ырын окуйм, ошо боюнча сыйлап калам. Шамс Тебризинин бир эле учкул сөзүн окуп, эсим ооду. Күн жүзүн көрсөттү, андан кийин жер жүзүндөгү кыбыраган, кыбырабаган нерселердин баарынын жашоосу башталды деген мааниде. Ушундай улуу көрөгөч болгону үчүн Жалалиддин Румидей шакирт өстүргөн экен да. Бул сөздү жүз тарабынан караса болот. Күн – жашоо, жарык, өмүр. Жерде, сууда, өзүбүздө, көзүбүздө да күн бар. Мага таасир берген башка тарабы болду. Чексиз чечмелене берет. Болду, ошо боюнча Шамсты жаап койдум. Ушунчалык ушу кишини жакшы көрүп калдым, бийикке коюп алдым. Орус тилинде окуп атам да, оригиналы мыкты болуп, котормосу жакшы чыкпай калса, тээ жогору коюп алган даанышманым жерге түшүп кетпесин деп башка эч нерсесин окуган жокмун. Бир сүйлөмү үчүн ал улуу адамды устатым катары эсептеп алдым. Шамс менен сүйлөшкөн кичи поэмам да бар “Нур” китебимде. Устатсыз калемгерге кыйын. Менин устатым көп. Эң жогоркусу – Жаратканымдын өзү. Сагын Акматбекова, Карбалас Бакиров, Асан Жакшылыков, Султан Раев, Абдиламит Матисаков, Шайлообек Дүйшеев, Кожогелди Култегин, Нурлан Калыбеков, раматылык Мелис Эшимканов, Алым Токтомушев, кыргыз адабияты мугалими Бектур Исаков агайларымдын менин өсүп-өнүшүмө кошкон салымдары бар.
Күчтүү жаштар да бар биз менен катар келаткан. Венера Жылдызча Үсөн кызы мыкты акын, мыкты адам. Рахат Аманова жүрөгү кең калемгер. Кара кылды как жарган калыстыгын, өткүрлүгүн сыйлайм. Мадина Тураева деген мыкты акын бар, экөөбүз бир күнү келгенбиз адабий ийримге. Капкара чачын экөө кылып өрүп алган, кара көз, кара каш, чырактай жанган сулуу кыз экен. Эки кыз, жыйырма чакты мырза болуп отурдук. Барчынбек Бугубаев, Дүйшөн Жапаров жана башкалар бар экен. “Кыздар башташсын” дешти. Мен Мадинаны карадым. “Сен окучу” деди ал мага. Мен ыр окудум. Менден кийин Мадина “жүрү ээрчишип кетели өрүкзарга” деп окуду.
Мырзалар мырзалык кылып, көңүлүбүздү көтөрө “оозубуздан келмебиз түшүп калды го” деп күлүп калышты. Сыртка чыксак, коюу түн кирип калган экен, он- ондон бөлүнүп үйлөрүбүзгө жеткиришкен...
- Алдыга койгон максатың?
- Максатым – эли-журтум тынч болсо, гүлдөп-өнүгүп өсүп кетсе, ошо нерсеге сүйүнсөк, элдин жакшылыгын жазсак деген эле тилек.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн