Аяк оона 14, 2024
Убакыт: 11:37
USD
84.40
84.90
EUR
93.00
94.00
RUB
0.920
0.955

Динара Кемелова Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл менен жолугушту

29.08.2024 11:32
602
Динара Кемелова Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл менен жолугушту


Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Ридделл менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тоолуу аймактардагы табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу, айыл чарба жана тоолуу конуштардын климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо маселелери талкууланды.

Тоолуу райондордогу туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү, атап айтканда, тоо азыктарын жана тоо туризмин жайылтуу, тоо экосистемаларын, анын ичинде ак илбирсти коргоо маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.

Динара Кемелова Дүйнөлүк банктын өкүлүнө тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн 2023-2027-жылдарга карата беш жылдык иш-аракеттери, ошондой эле Кыргызстандын тоо күн тартиби боюнча эл аралык демилгелери тууралуу маалымат берди.

Тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын учурдагы долбоорлору боюнча мындан аркы кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти жана тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында биргелешкен кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн