Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 20:25
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Диплому жасалма. Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилди

24.11.2021 18:45
663
Диплому жасалма. Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилди

Борбордук шайлоо комиссиясынын бүгүн, 24-ноябрдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Социал-демократтар» партиясынан талапкер Рыскелди Момбековду шайлоодон четтетүү чечими кабыл алынды.

18-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековдун жасалма жогорку билими тууралуу диплому бар экени белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, документ Момбековго Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде берилген, бирок ал эч качан университетте окуган эмес, мындай номердеги диплом кайсы бир Михаил Стародубцевге таандык.

Күч кызматкерлери бул жасалмалоонун негизинде Рыскелди Момбеков Дипломатиялык академиянын Эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө кирип, андан кийин экинчи жогорку билими бар экенин тастыктаган документ алганын белгилешкен.

БШК мындай чечимге Билим берүү жана илим министрлигинин катынын негизинде кабыл алган. Министрлик Момбековдун биринчи диплому жасалма болгондуктан экинчи диплому да мыйзамсыз экенин билдирген.

«Социал-демократтар» партиясы дипломдун капысынан текшерилиши оппозициялык депутатка басым көрсөтүү, анын үгүт иштерин үзгүлтүккө учуратуу аракети экенин белгилеп келишет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн