Бирдин айы 22, 2025
Убакыт: 09:45
USD
87.30
87.80
EUR
91.20
92.20
RUB
0.970
1.010

Догдуркүл Кендирбаевага чет өлкөгө жасаган иш сапарлары тууралуу маалымат берүү тапшырылды

21.02.2025 15:44
52
Догдуркүл Кендирбаевага чет өлкөгө жасаган иш сапарлары тууралуу маалымат берүү тапшырылды


Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 2024-жылы жалпысынан 32 жумушчу күндүн ичинде 10 эл аралык сапарга чыккан. Бул тууралуу президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунда министрлер кабинетинин чечимдерин аткарылышын контролдоо башкармалыгынын башчысы Азамат Осмонов баяндамасында билдирди.


Анын айтымында, Австрияга 8 күндүк иш сапары болуп, анда билим берүүнү санариптештирүү жана кыргыз-кытай университетин түзүү боюнча эч кандай конкреттүү жыйынтык болгон эмес.


“Келечек үчүн билим берүүгө” 200 миллион долларды тартуу маселеси дагы деле талкууда. Министрдин 2024-жылдын май айында Улуу Британия барып келүүсүндөгү 400 миң доллар окуу китептерине жана министрликке кошумча каржылоо тартуу максатты ишке ашкан эмес”, - деди Азамат Осмонов.


Бирок, коллегиясынын отурумунда министр Догдуркүл Кендирбаева бул иш сапарлар билим берүү тармагын өнүктүрүүгө натыйжалуу болгондугун билдирди. Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев айтылган иш сапарлар боюнча өз пикирин кат жүзүндө даярдап берүүсүн тапшырды.


Президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгында Кендирбаеванын чет өлкөгө жасаган иш сапарлары сынга кабылып, дисциплинардык жаза ирээтинде “эскертүү” берилди.


Ошондой эле Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу, лицензиялоо секторунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Дамира Алибаева кызмат ордунан бошотулуп, андан башка министрликтин 4 кызматкерине “катуу сөгүш” жарыяланды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн