Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 07:16
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Дональд Трамп кайрадан президенттикке аттанды

26.08.2020 10:43
1027
Дональд Трамп кайрадан президенттикке аттанды


Американын президенти Дональд Трамптын талапкерлиги Республикалык партия тарабынан экинчи мөөнөткө расмий түрдө көрсөтүлдү, деп жазат ТАСС. 


Ал эми вице-президент кызматына мурунку талапкер Майк Пенс көрсөтүлүп, анын талапкерлиги да Республикалык партиянын курултайында бир добуштан колдоо тапты.


Жыйында сөз сүйлөгөн Дональд Трамп ноябрда өтө турган шайлоонун тазалыгы боюнча күмөн санап жатканын билдирди. Пандемияга байланыштуу добуш берүү негизинен почта аркылуу жүргүзүлөрү кабарланууда. Ал мындай учурда шайлоонун жыйынтыгы бурмаланышы мүмкүн деп эсептейт. 


Буга чейин АКШдагы Демократиялык партия 78 жаштагы Жо Байденди расмий түрдө президенттикке талапкер катары көрсөткөн. 


АКШда президенттик шайлоо ушул жылдын 3-ноябрында өтөт. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн