Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министри болуп иштеген Абдулазиз Камилов Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Коопсуздук кеңешинин катчысынын тышкы саясат жана коопсуздук боюнча орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин Камилов Донецк жана Луганск элдик республикасынын эгемендүүлүгүн тааныбайбыз деген. Андан соң ал ден соолугуна байланыштуу көп убакыт саясий аренага чыккан эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн