Кечээ, 21-мартта Нооруз күнүндө Ош жергесинде Манас ыры жаңырды.
Сулайман-Тоо улуттук археологиялык музейинде манасчы Дөөлөт
Сыдыков 3 күндүк Манас айтуу иш-чарасын ийгиликтүү жыйынтыктады.
Жабылыш аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов катышып, манасчыга күч кубат тилеп, ар дайым Манасты даңазалап, кыргыздын улуулугун даңктап жүрө беришине тилектеш экенин билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн