Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Дөөлөт Сыдыков беш метр бийиктикке айнектен атайын жасалган боз үйдө Манас айтат

05.11.2020 17:15
1383
Дөөлөт Сыдыков беш метр бийиктикке айнектен атайын жасалган боз үйдө Манас айтат

Учурда Дөөлөт манасчыга атайын улуттук стилдеги кийимдер тигилүүдө. Дизайнер Аида Майташева жана "Үч арт" студиясы манасчынын кийимин тигип жатышат. Ал эми Бакыт чебердин колунан атайын өтүк ултарылып жатат. Баш кийимин буга чейин дагы манасчынын калпагын тигип келген Клара Бектемирова жана “Кийиз дүйнө” коомунун мүчөсү Агат Жумашевалар даярдашууда.

Ошондой эле манасчы Дөөлөт Сыдыковдун ден соолугун айтылуу дарыгер Гүлнара Ташыбекова көзөмөлгө алууда. Манасчынын күнүмдүк тамак-ашы да көзөмөлдө. Бишкектин борбордук "Ала Тоо" аянтына беш метр бийиктикке айнектен атайын жасалган боз үй орнотулуп, үн күчөткүч, LED экрандар коюлуп, саат көрсөтүлүп турмакчы. Мындан тышкары бул иш-чараны баштан аяк сапаттуу тартуу камылгасы да көрүлүп жатат.

Ал эми бул улуттук иш-чараны бир топ ЖМКлар элге жайылтып, маалыматтык жактан колдоо көрсөтүшүүдө.
Ошентип, 2020-жылдын 12-ноябрында эртең мененки саат 9дан тарта Улуу Манас атабызды даңктоо иши старт алат.

Аскер Сакыбаева, журналист

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн